Милиция кыз менен болгон сексти видеого тартып коркуткан, текшерүү башталды
Бөлүшүү:
Укук коргоо органдары ЖМКга жарыяланган маалыматты текшерүүнү баштады. Буга чейин Токмок ички иштер бөлүмүнүн кызматкери өзүнүн тааныш кызы менен болгон интимдик мамилени видеого тартып алып, эми аны интернетке жарыялайм деп коркутуп жатканын тууралуу маалымат жарыяланган.
Чүй областык ички иштер башкы башкармалыгы берген маалыматка таянсак, аталган факты боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү башталды.
“Ошондой эле бул факты ИИМдин жана Чүй областтык ИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды”,-деп кабарлашты милициядан.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyz-menen-bolgon-seksti-videogo-tartyp-korkutkan-teksher-bashtaldy
Добавить комментарий ×