Милиция коомчулукту ачык-айкын иштөөгө чакырган кайрылуу жолдоду

31 январь 2019 12:41 2351 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары жана
коомчулук менен кызматташуусунун негизги принциби - ачык-айкындуулук болуп эсептелинет.

Бул тууралуу министрликтин ЖМК жана коомчулукка жолдогон кайрылуусунда айтылган. ИИМдин мындай кадамга баруусуна акыркы маалдарда милиция кызматкерлери катышкан кылмыш иштеринин көп болуп кетиши себеп болгону айтылат.

ИИМдин ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыздоо - мамлекеттик институттарга болгон коомчулуктун ишенимин жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган. Кайрылууда айтылганда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди тапшырган.

Маалыматка ылайык ИИМде Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңги кылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Буга эле катар ИИМдин Ички иликтөө кызматы өздүк курам арасында профилактикалык жана тарбиялоо ирэтиндеги иштерди үзгүлтүксүз алып барышат.

2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 87 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалган. 2018-жылы жалпысынан мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5811 кызматкер аныкталып, жаза алышкан. Алардын ичинен 155 кызматкер ИИОдон айдалып, ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган.


Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-koomchuluktu-achyk-ajkyn-ishtg-chakyrgan-kajryluu-zholdodu



Добавить комментарий