Милиция катышкан жол кырсыгынан эки жаш бала жабыркады
Милиция кызматкери кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен жаш балдар жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-июнь күнү саат 20:30да Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда Бишкек- Торугарт автожолунда болгон. Милиция кызматкери "Даймлер Крайслер" үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа менен батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан "Дэу-Тико" үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.
“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинде алты адам болгон. Анын төртөө чоң кишилер жана 2021-жылы, 2022-жылы туулган наристелер да болгон.
"Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан. Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. болгон", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
ИИМдин ЖКККББнын издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөрү кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-katyshkan-zhol-kyrsygynan-eki-zhash-bala-zhyrkady
Добавить комментарий ×