Милиция: Бишкектеги шайлоо участокторуна бирден кызматкерлер бекитилип, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

10 январь 2021 11:27 1434 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шайлоо участокторунда милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка таянып "Барометр" билдирет. 

"Бүгүн, 10-январь Кыргыз Республикасынын президентин нөөмөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнү башкаруу  системасын тандоо боюнча өтүп жаткан референдум  учурунда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери  Бишкек шаарынын аймагында орнотулган  228 шайлоо участокторуна бирден кызматкерлер бекитилип, ошол аймактагы коомдук тартипти орнотуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында  күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле шайлоого келген жарандардын укугун толук кандуу  камсыздоо багытында алардын коопсуздугуна кам көрүү менен алардын суроо талаптарына багыттама көрсөтүп, ошол эле учурда жол тыгындарын болтурбоо максатында алардын алдын алууда .

Азыркы учурда абал туруктуу жана шайлоо участокторунун айланасындагы баардык кыймыл аракеттер кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабынан дыккат көзөмөлдө.

Эгерде, шайлоо учурунда мыйзам бузуу фактылары байкалган учурда тезинен милициянын кайгуул кызматкерлерине кабар берүүнү эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-bishkek-shaaryna-ornotulgan-228-shajloo-uchastoktoruna-birden-kyzmatkerler-bekitilip-kchtlgn-tartipte-ishtep-zhatyshat



Добавить комментарий