Милиция белгисиз эркектин сөөгүн таанууга көмөк сурайт. Абайлагыла фото!

27 март 2019 16:19 2515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция кызматкерлери каза тапкан белгисиз адамдын сөөгүн таанууга көмөк сурайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкек шаарында 10-мартта азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын сөөгү Фере көчөсүндөгү № 32 «а» үйдүн жанынан табылган. 

Белгилери: арыкчырай, чачтары агарган, бою болжол менен 170 см, ак аралаган сакал-муруту бар, алдыңкы ээгинде жана үстүңкү ээгинде тиштери жок.

Боз свитер, кара джинсы шым, бутуна галош кийип жүргөн.

Бул адамды тааныгандар болсо Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө (0 553) 102-566, (0 772) 052- 000, (0 552) 102-743, (0 702) 498-888 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-belgisiz-erkektin-sgn-taanuuga-kmk-surajt-abajlagyla-foto



Добавить комментарий