Милиция ата-энелерди сак болууга чакырды (видео)
Акыркы учурларда балдардын көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен кулап кеткен жагдайлар көп катталууда. Мындан улам Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы ата-энелерди өз балдарына көбүрөөк көңүл буруп, аларды кароосуз таштабоого чакырды. Бул тууралуу аталган ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
“Чоңдорду балдар терезеден учуп кетпеш үчүн аларды блоктоп жабууга чакырабыз. Балдардын саламаттыгына кандайдыр бир коркунуч келген болсо токтоосуз түрдө милициянын 102 номерине же болбосо 103-тез жардам кызматына байланышыңыз”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-ata-enelerdi-sak-boluuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×