Микрофонду тескери кармап уят болду деген видеого Анжелика эмне деп жооп берди?

4 сентябрь 2018 15:00 8692 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Дайыма талкуунун чордонунда жүргөн Анжелика кайрадан ушактын үстүндө. Оштогу Эгемендүүлүк күнүндө микрофонду тескери кармап алып, элге уят болду деген тема менен интернет баракчаларга видеосу тарады. Видеодон көргөн эл ырчыны микрофонду чын эле тескери кармап алыптыр дешип, дуулдап талкууга алышты. Ал эми буга Анжелика жооп катары ошол эле видеону интернет баракчасына жүктөп, ага кара санаган кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен монтаждалганын айтып чыкты. 

"Ырым бүтөөрү менен пульттан микрофондун үнүн басып, ошол учурда атайылап видеого тартып алышып, ютуб каналына жүктөгөн, бирөөнүн буйрутмасы менен мени шылдыңдаган эки-үч мырза аман эле болгула деди"-деп жазды Анжелика өз баракчасына. 

Ссылка: https://barometr.kg/mikrofondu-teskeri-karmap-uyat-boldu-degen-videogo-anzhelika-emne-dep-zhoop-berdi



Добавить комментарий