Мессини кемсинтишти. Аргентина менен Мексиканын күйөрмандары Дүйнө чемпиондугунда мушташып кетишти

25 ноябрь 2022 13:09 1343 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Аргентина менен Мексиканын күйөрмандары мушташып кетишти. Бул тууралуу Daily Star гезитине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мушташка аргентиналык жылдыз Лионель Мессини кемсинткен кыйкырыктар жана уятсыз ишараттар себеп болгон.

Дохадагы “Аль Бидда Парктын” фан зонасында тирешүү Аргентина курамасы Дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабия менен болгон беттеште күтүүсүз утулуп калгандан бир күн өткөндөн кийин болду.

Айрым тополоңчулар жеңил жаракат алганы кабарланууда.

Бул олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн, анткени кийинки турда эки өлкөнүн командалары беттешет. Бул оюн аргентиналыктар үчүн маанилүү болот: алар алгачкы беттештерде жеңишке жетише алышкан жок, ошондуктан плей-офф үчүн өз ара күрөшөт.

Кошумчалай кетсек, С тайпасынын 1-турунда Аргентина сенсациялык түрдө Сауд Аравиясына утулуп, Мексика Польша менен тең ойноду.





Экинчи турдун оюндары 26-ноябрда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/messini-kemsintishti-argentina-menen-meksikanyn-kjrmandary-2022-zhylky-djn-chempiondugunda-mushtashyp-ketishti



Добавить комментарий