Месси бир аз эс алуу убактысында атактуу түрк ашпозчусунун Дубайдагы ресторанына коноко барды
Бөлүшүү:
“Барселона” клубунун чабуулчусу Леонел Месси бир аз эс алуу убактысында атактуу түрк ашпозчусу Нусрету Гекченин Дубайдагы ресторанына коноко барды. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Мессинин ресторандагы сүрөтү түрк ашпозчусу Нусретунун Instagram баракчасына жарыяланган. Анда: "Аргентиналык футболчу жубайы Антонелла менен стейк бөлүү маарекесине күбө болушту"-деп жазылган.
Футболист түрк ашпозчунун колунан бычак менен стейк жегени да жашыруун эмес. Эске салсак, Гекче “Salt Bae” деген каймана аты менен элге таанымал.
Добавить комментарий ×