Мэриядан флешмоб: Варламов, рахмат! #Бишкексүйүктүүшаар
Бишкек мэриясы орусиялык блогер, журналист Илья Варламовго рахмат айтып флешмоб уюштурду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
15-сентябрда Вараламовдун Бишкети сындаган видеосу соцтармакка жарыяланган. Анда орусиялык журналист “Борбор калааны жашоого мүмкүн болбогон шаар” деп сындаган.
Мэриянын маалымат кызматы "Варламов, рахмат. #Бишкексүйүктүүшаар деген жазууну кармаган муниципалдык кызматкерлердин сүрөттөрүн жарыялашты.
“Биз айтылган сындардын үстүнөн иштеп, кемчиликтерди жоюуга бар күчүбүздү жумшайбыз. Варламовго рахмат, ал биздин элдин жакшы жагы менен кошо кемчилигин ачык айтып, бизди шыктандырганына”, -деди мэриядан.
Ссылка: https://barometr.kg/meriyadan-fleshmob-varlamov-rahmat-bishkeksjktshaar
Добавить комментарий ×