Мэрия: Бишкекте коомдук транспорт менен такси кызматы толугу менен токтотулду
Бөлүшүү:
Бишкек шаарында коомдук транспорт менен такси кызматы толугу менен токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
“Мамлекеттик органдар менен мекемелер кызматкерлери үчүн транспортту өздөрү уюштурушу керек. Мындай чечимди Бишкек шаарынын комендатурасы кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана үч райондо өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-bishkekte-koomduk-transport-menen-taksi-kyzmaty-tolugu-menen-toktotuldu
Добавить комментарий ×