"Менин кызымды өлтүрүп салышты". Актёр Владимир Конкин билдирүү жасады
Россиянын Эмгек сиңирген артисти Владимир Конкин кызы Софиянын табышмактуу өлүмүнөн кийин биринчи билдирүүсүн жасады. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
"Биз кызыбызды киши колдуу болуп, каза болду деп эсептейбиз, жана ишеним менен айта алабыз. Мен Тергөө комитетинин өкүлдөрүнүн тыкыр иликтөө жүргүзүүсүн талап кылам", - деди Конкин.
Ошону менен катары эле, актер жакындарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, аларсыз "жүрөгү мындай оор жоготууну көтөрө албайт эле”.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 22-сентябрда София Конкина Москвадагы фитнес борбордун бассейнине чөгүп кеткен деген диагноз менен ооруканага жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, ал көз жумган.
Тергөө комитети кыздын өлүмүнөн кийин кылмыш ишин козгогон.
“Кылмыш кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүгү (коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү) боюнча кылмыш ишин козголгон. Ал эми айрым маалыматтар тергөө аяктаганга чейин жашыруун болот”, - деп билдирди Тергөө комитети.
Ссылка: https://barometr.kg/menin-kyzymdy-ltrp-salyshty-aktyor-vladimir-konkin-bildir-zhasady
Добавить комментарий ×