"Мен Бишкекти сүйөм" жасалгасын талкалаган адам 60 миң сом айып пул төлөдү
Бөлүшүү:
"Мен Бишкекти сүйөм" жасалгасын талкалаган адам 60 миң сом айып пул төлөдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Аталган жасалга 15-ноябрга караган түнү сынганы белгилүү болгон. Аны атайын талакалап салгандыктары аныкталып, Ленин райондук ИИбнин аймактык тескөөчүсү тарабынан 27 жаштагы М.Т аттуу жаран кармалган.
Маалым болгондой, "Линдл" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан коюлган жасалганы калыбына келтириш үчүн 60 миң сом керек болгон. Аны талкалаган адамдын туугандары төлөп бергени айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/men-bishkekti-sjm-zhasalgasyn-talkalagan-adam-60-mi-som-ajyp-pul-tld
Добавить комментарий ×