Меланья Трамп коронавируска карата тест тапшырды

24 март 2020 10:38 1674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Меланья коронавируска карата тест тапшырганын журналисттерге билдирди. Тесттин жыйынтыгында анда вирус жок экени аныкталган.

Трамп андан сырткары биринчи айымдын ден соолугу мыкты экенин айтты.

Буга чейин Дональд Трамп өзү жеке дарыгери Шон Конлинин кеңеши менен коронавируска карата тест тапшырган. Анда коронавирус жок экенин белгилүү болгон.

АКШ президенти коронавирус жуккан адамдар менен жолукккан болчу.

Ал ортодо Кыргызстанда коронавирус кишиге жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/melanya-tramp-koronaviruska-karata-test-tapshyrdy



Добавить комментарий