Мектепке чейинки билим берүү уюмдары кайрадан ачылышы мүмкүнбү?

27 октябрь 2020 09:57 845 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирус эпидемиологиялык кырдаалда Билим берүү министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү программасына камтуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Министрлик тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маселе боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. Учурда, мониторингдин жыйынтыгы менен, 2020-жылдын 26-октябрына карата, өлкө боюнча 96 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 10 муниципалдык, Ош облусунда 20 муниципалдык, Чүй облусунда 25 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында - 39 жеке менчик жана 2 ведомстволук балдар бакчалары ишмердүүлүгүн жандандырып, 6 % чейин өсүүдө.

Мындан ары да бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандырууну көбөйтүү максатында, министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу боюнча иш-аракеттердин Алгоритминине ылайык келтирүү тапшырмасы берилип,  белгиленген иш чаралар райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарууга алынды.

Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо  министрлигинин  адистери,  ошондой  эле  балдардын  эрте  өнүгүүсү  боюнча  эксперттер  тарабынан  жана  ЮНИСЕФ  тин  техникалык  жана  каржылык  колдоосу  менен “Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосу” иштелип  чыгып, республика боюнча балдар бакчаларына жеткирилип берилди.

Ошол эле учурда, коронавирус эпидемиологиялык кырдаал шартында  балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоо  боюнча  ар бир балдар бакчасынын педагогдору, тарбиячылылардын жардамчылары, медициналык кызматкерлер, усулчулар жана директорлор бул колдонмонун негизинде  онлайн окуудан өткөрүлдү.

Учурда, мектепке чейинки билим берүү уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун уруксаты менен, түзүлгөн кырдаалга карап:

- Мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ;

- ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөнттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу;

- балдардын саны абдан аз болсо, “дежурный” тайпалар иштөөсү;

ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы менен ишмердүүлүгүн улантса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/mektepke-chejinki-bilim-ber-uyumdary-kajradan-achylyshy-mmknb



Добавить комментарий