Мехико штатынан жашыруун өлүккана табылды

11 июнь 2020 17:44 682 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мексиканын борбору Мехиконун Текамак минуципалитети жергиликтүү турак жайдан жашыруун өлүккана таап алышты. Анда эки кызматкер жана эки адамдын сөөгү табылган.

“Үрөй учурган жаңылык. Жашыруун өлүк сактоочу борбору Хардин-де-лос-Эроес  районунда табылды” деп жазган муниципалитеттин башчысы Мариэла Гутьерес.

Мэрдин айтымында, жарандардын даттануусунан улам аталган турак үйү текшерүүгө алынган. Бир жума байкоо жүргүзүүнүн негизинде 2 адам эки өлүктү табытка салуу учурунда колго түшкөн.

Укук коргоо органдары бул иш санитардык нормаларга дал келбээрин, ошондой эле уруксат жана лицензиянын жоктугунун негизинде Мехико штатынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/mehiko-shtatynan-zhashyruun-lkkana-tabyldy



Добавить комментарий