"23 адамдын өмүрүн алган кырсык". Мексикада поезд көпүрөдөн кулап кеткен

4 май 2021 16:46 2738 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Мексиканын борбору Мехикодо метро көпүрөсүнүн кулашынан каза болгондордун саны 23кө жетип, 65 адам ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү Milenio телеканалынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун арасында жаш балдар да бар.

Ошондой эле, окуя болгон жерде куткаруу иштери абдан кыйынга турганы айтылат. Себеби, метро поездинин кооптуу турушу аман калгандарды куткарууга тоскоолдук жараткан. Өтө кылдаттык менен иш алып барбаса метро вагондору кулап кетип, адамдарды кайрадан басып калуу коркунучунда турган.

Окуя, дүйшөмбү күнү кечинде шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Оливос жана Тесонко станцияларынан анча алыс эмес жерде, 12-метро линиясында болгон. Натыйжада эки вагон болжол менен 10 м бийиктиктен жүргүнчүлөр өтүүчү жолго кулап түшкөн.

Учурда, кырсыктын себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/23-adamdyn-mrn-algan-kyrsyk-meksikada-poezd-kprdn-kulap-ketken



Добавить комментарий