MegaCom компаниясынын кызматкеринен коронавирус табылды
Бөлүшүү:
"Альфа Телеком" компаниясына караштуу MegaCom соода брендинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу аталган уюлдук оператордун маалымат кызматы билдирди.
Коронавирус жуктурганы тастыкталган кызматкер обсервацияга жаткырылды. Андан сырткары дагы бир кызматкерден вирус шектелүүдө, анализдин жыйынтыгы азырынча чыга элек. Аталган кызматкерлер кардарларды тейлөө тармагында иштебейт.
Вирустун мындан ары жайылуусун алдын алуу максатында, компаниянын кызматкерлеринин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/megacom-kompaniyasynyn-kyzmatkerinen-koronavirus-tabyldy
Добавить комментарий ×