Шеримкулов Текебаев менен Чотоновго: "Эч убакта ѳч алам деп ойлобогула!"
Бишкекте бүгүн эркиндикке чыккан Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов санаалаштары менен партиянын кеңсесинде жолукту.
Жолугушууга легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, экс президент Роза Отунбаева жана Темир Сариев келди.
Медеткан Шеримкулов, "эч убакта ѳч алам деп ойлобогула", деген насаатын айтты
«Мына силер эгемендүүлүк майрамынын алдында үй камагына чыгып жатасыңар. Биздин ѳлкѳнүн эгемендүүлү мына ушунда. Бирок силер эч убакта ѳч алам деп ойлобогула. Силерге кандай гана кылбасын аларды ойлобой. Кыргызстандын келечегине кандай кадам таштайм, кантип салым кошом деген нерсени ойлогула. Менин жанымда буга чейин кадам таштап келдиң, ошол кадамды улант», - деди Шеримкулов.
Бүгүн, 29 августта, Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарды.
Сотко Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттар өтүнүч келтиришкен. Сот аны канааттандырып, сот залынан бошотту.
Текебаев менен Чотоновду сот имаратынан жанынан үй-бүлөсү, бир туугандары, партиялаштары, тарапташтары күтүп чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/medetkan-sherimkulov-boshtondukka-chykkan-sayasatchylardy-ch-alboogo-chakyrdy
Добавить комментарий ×