Медреселер, диний институттар каникулга жабылат. Карыяларга мечитке келгенге чектөө киргизилет
Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустун (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алды. Бул тууралуу теолог Кадыр Маликов социалдык тармакта кабарлады.
Коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында:
1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларга, окуу кружокторго, конференцияларга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин.
2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун.
3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштер жүргүзүлсүн.
4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын.
5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн.
6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин.
7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.
Бирок, кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүүсү мүмкүн же кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат.
Ссылка: https://barometr.kg/mechitterde-massalyk-ish-charalardy-tkrg-chekt-kirgizildi
Добавить комментарий ×