Мечиттерде Айт намазы канчада башталат?

16 июль 2021 17:49 1550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айт намаздары Бишкекте жана өлкөнүн баардык аймагындагы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашканын “Барометр” билдирет.

Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. Муфтият Айт намазынын учурунда санитардык нормаларды сактоо талабын эскертти.

Айт намаздын программасына ылайык, 20-июлда баардык мечиттерде саат 07:00дө намазга чогулушат.

07:00 - 07:20 – муфтий Замир кары Ракиев сөз сүйлөйт   

07:20 - 07:30 –куттуктоо айтылат.

07:30 - Айт намаз.

Намазга келген ар бир адам жайнамаз алып, бет кап тагынып, аралыкты 1,5 метрден сактоосу керек, кол алышып, кучакташып учурашууга болбойт.

Дааратты үйдөн алып келүү талап кылынат жана жаш балдар, карылар, температура болуп жаткандар мечитке барууга болбойт.

Ссылка: https://barometr.kg/mechitterde-ajt-namazy-kanchada-bashtalat



Добавить комментарий