Мечитте телефонун уурдаткандар ууруга смартфонду берүүгѳ даяр
Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жайгашкан мечитте түшкү намаз убагында А.М. атуу жаран смартфонун уурдатып алган. Жабырлануучу бул тууралу милицияга арыз жазган эмес. Анын себебин ал мындай түшүндүрдү:
«Уурулук мечитте болгондуктан, динге терс таасир тийбесин деген максатта милицияга кайрылган жокмун. Анткени элдер ушул окуянын кесепетинен мечитке келбей калабы деген ой келди», -деди жабырлануучу.
Ал ошондой эле, ал кишинин телефонду адашып алып алган болушу мүмкүн экендигин да билдирди.
Телефонго караганда, аны менен байланыш маанилүү, керектүү маалыматтарды көчүрүп алып, смартфонду сыйлыкка бергенге даяр экенин кошумчалады.
Аталган окуя боюнча азырынча, милицияга арыз берише элек.
Смартфондун ээлери алар менен 0703 551300 телефон номери аркылуу байланыш түзүүгө же мүмкүнчүлүгү бар болсо, мечитке алып келип берсе боло тургандыгын өтүнүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/mechitte-telefonun-uudatkandar-uuruga-smartfondu-berg-dayar
Добавить комментарий ×