Чүйдө мас адам мечитте ок чыгарды

18 июнь 2021 17:30 6274 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Чүй районунун айылдарынын биринде мас адам мечитке келип, ал жердеги адамдарды коркутуп, ок чыгарган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жергиликтүү тургун 50 жаштагы М.М. ушул жылдын 15-июлунда саат 21:00 чамасында мас абалында мечитке кирип, белгисиз маркадагы ок атуучу куралды колдонуп, мечиттеги сыйынуучуларды куугунтуктоо менен коркутуп, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Андан кийин дубалга эки жолу ок чыгарган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталган.

Тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 63 жаштагы А.А Чүй облусунун тургуну кармалды. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда дүкөндө 6 патрон менен травматикалык тапанча, эки резина октун желим кутусунда эки патрон, кичинекей калибрдеги мылтыктын октору табылды.

 Бул факт боюнча керектүү экспертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-mas-adam-mechitte-ok-chygardy



Добавить комментарий