#МаскаКийипЖүр флешмобу өтүп жатат

23 март 2020 17:56 1280 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери #МаскаКийипЖүр флешмобун өткөрүштү.

Чакырыктын максаты – кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жуктуруудан жана жайылышынан коргоо. Алар Калкты тейлөө борборуна келгендерди беткап кийүүгө өтүнүүдө, анын үстүнө бардык борборлор антисептик менен камсыздалып, имараттар дезинфекцияланууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жарандарды ден соолугун сактап, өзгөчө кырдаал режиминде кабыл алынган чаралардын алкагында элдин көп чогулушун болтурбоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна өтө зарылчылык болгондо гана кайрылууга чакырат.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, мамномерлерди өндүрүү жана паспортторду персонификациялоо өз мөөнөтүндө ишке ашырылат, кимде-ким документ ала албайт деп кооптонууга негиз жок. Уюлдук телефонго паспорттун даяр болушу тууралуу смс-билдирүү келет, же болбосо, “119” call-борборунда да тактап алса болот (чалуу акысыз).

Ссылка: https://barometr.kg/maskakijipzhr-fleshmobu-tp-zhatat



Добавить комментарий