Машиналардын аккумулятору менен магнитофондорун уурдап жүргөндөр кармалды
Чүй облусунун аймагынан жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын аккумулятору менен магнитофондорун уурдап жүргөн балдардын тобу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, Чүй облусундагы Москва районунун төрт тургуну машинасына белгисиз кишилер ууруга киргенин айтып арыз жазышкан.
Шылуундар ушул кезге чейин «Мерседес-Бенц», «Урал», «Дэу лабо», «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү машиналардын аккумуляторлору менен магнитофондорун уурдашкан.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, Москва РИИБдин кызматкерлери 21 жаштагы О.Т. жана С.Ж. менен 22 жаштагы Ж.А. аттуу уландарды кармаган.
“Милиция кызматкерлеринин айтымында, кармалган балдар ушундай эле төрт кылмыш ишине катыштыгы бар. Райондук милициянын өкүлдөрү иликтөө иштериү улантууда”, — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/mashinalardyn-akkumulyatoru-menen-magnitofondorun-uurdap-zhrgndr-karmaldy
Добавить комментарий ×