Депутат Марлен Маматалиев Орусиялык блогер Илья Варламовго аш берем деп сынга кабылды
“Мекеним Кыргызстан ” партиясынын талапкери Марлен Маматалиевдин Орусиялык журналист, блогер Илья Варламов менен бирге тамактанган сүрөтү жарыяланган. Бул тууралуу Маматалиевдин соц тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүнө таянып “Барометр” билдирет.
Сый тамактан кийин Илья Варламов өзүнүн Твиттер баракчасына депутаттыкка талапкер Маматалиев аны жарнама катары пайдаланды деген билдирүүсүнө Марлен Маматалиев жооп кайтарды.
Эске чалсак, блогер «биз ал жакта менин каналым үчүн жаңылыктарды тартканбыз, депутат сүйлөшүүнү суранды жана мен азыр көрүп тургандай, мени өзүнүн пиарлары үчүн пайдаланды», — деп жазган.
Бул тез эле коомчулукка тарап, жада калса чет мамлекеттин жарандарынан бери өзүнө бурду.
Ал эми Маматалиевда окуянын чоо жайын түшундурүп оз пикирин жазып чыкты.
«Кечээтен бери мага Орусиядан келген журналист менен болгон кечки тамакка байланыштуу акарат сөздөр жана терс комментарийлер көп келип жатат. Мунун баары кандай болгонун айтып жатам, өзүңүз жыйынтык чыгарсаңыз болот. Айрым мекендештерибиз жеке билдирүүлөрүндө коркутуп-үркүтүүлөр менен терс комментарийлерди жазып жатышат. Келгиле, Кыргызстанды «Орел и решка»долбоорунда кандайча көрсөткөнүн, алар менен жолуккан адамдар жөнүндө канча сөз айтылганын эстейли. Азыр чындыгында өлкөбүздүн башка жактарын көрсөтүү мүмкүн эмес болчу. Анын жолдорду, тротуарларды сындаганына кошулам, муну тануу акылсыздык, ошондуктан мен кырдаалды өзгөртүү үчүн саясатка келдим. Мага көп адамдар ал эмне дегени биздин элдерди "койлор" деп аташат деп жазышкан, кечки тамак учурунда мен ушул суроону бергем, ал айдоочуну "өзгөчө кой" деп атаган, ал тыгын жаратып, жолдун ортосуна кирип кеткендиктен ошондой атадым деп жооп берген. Илгертен бери биздин эл меймандостугу менен белгилүү болуп, конокторду татыктуу тосуп алган. Бул чын жүрөктөн жасалган ”, — деп айтты депутат Маматалиев.
Ошондой эле Маматалиев "Супаранын" алдынан Варламов менен бирге түшкөн сүрөттөрүн жөн гана өзүнүн баракчасына жайгаштырып койгонун, элге жарыя кылууга аракеттенген эместигин билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/marlen-mamataliev-orusiyalyk-bloger-ilya-varlamovgo-ash-berem-dep-syngy-kabyldy
Добавить комментарий ×