Марипов: Жаңы өкмөттүн курамына 8 министр жаңы кошулду
Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-минстрликке көрсөтүлгөн Марипов баяндама жасап, өкмөт мүчөлөрүнө кимдерди сунуштай турганын айтууда.
"Мурда өзүңүздөр билгендей 22 өкмөт мүчөсү болсо, биз аны 16га кыскартууну туура көрдүк. Алардын ичинен 8 адам мурунку өкмөт мүчөсүнөн калган кадрлар, ал эми 8 жаңы адам кирди", - деди Марипов.
Анын айтымында, Коргоо министрлиги түзүлөт, ал эми, Эмгек жана социалдык министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат.
"Ошондой эле Маданият, маалымат жана спорт министрлиги болуп биригет", - деди Марипов.
Ссылка: https://barometr.kg/maripov-zhay-kmttn-kuramyna-8-ministr-zhay-koshuldu
Добавить комментарий ×