Байге фонду 504 миң сомду түзгөн марафонго мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да катышат

9 сентябрь 2019 17:25 1360 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 22-сентябрда өтө турган эл аралык жарым марафондун байге фонду 504 миң сомду түзөт. 

Жарыш эртең саат 09:00дө Жайыл-Баатыр көчөсүндөгү "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинде башталат. Үч аралыкта мелдеш өтөт: 21 чакырымга (18 жаштан жогору), 10 чакырым (14 жаштан жогору) жана 3 чакырым (баары). Мүмкүнчүлүгү чектелгендер атайын категорияга жазылса болот.

Марафондун 21 жана 10 чакырымга чуркагандардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырылат. 

Ал эми, 3 чакырымга жүгүргөндөргө катышуучунун баштыгын, медаль жана сертификаттар ыйгарылат. Жарым марафондун жеңүүчүсүнө 100 миң сом, экинчи орунга 70 миң, үчүнчү орунга 50 миң сом берилет.  Ал эми 10 чакырым аралыкка чуркагандардын жеңүүчүсү 15 миң сом алат. Кийинки орунга 10 миң сом, коло байгени жеңгендер 7 миң сом алмакчы

Ссылка: https://barometr.kg/marafongo-mmknchlg-chektelgen-zharandar-da-katyshat



Добавить комментарий