Маникюр аркылуу аялдын мүнөзүн кантип билсе болот?

19 июль 2022 07:15 9542 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдар ар убакта ар түрдүү түстү тандап маникюр жасатса да алар жактырган бир түс көпчүлүк убакта басымдуулук кылат. Алардын тигил же бул түстү тандашына психологдор көп нерсени байланыштырышат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ак түстүү лак

Тазалык менен сонундуктун белгиси. Мындай түстү көп тандагандар чынчыл, тыкан аялзаты болуп саналат. Алардын мүнөзу консервативдүү болуп, эң жакшы эне, күйөөсүнө берилген жубай болуп, олуттуу мамилелерди баалайт. Баардык нерсени эсепке алгандыгы, тырышчаактыгы жана оптимисттик маанайы алардын карьерада жогорулашына көмөктөшөт.

Агыш түстүү лак

Бежевый же агыш түстүү лакты көп тандагандар өзүнө ишенген айымдар. Алар мыкты стилде болушат, сапаттуу кийингенди жактырышат. Алар үчүн ыңгайлуулук биринчи орунда, үйдөгү тынчтыкты жана үй-бүлөлүк салтты сактаган жагынан алдына киши салбайт. Мыкты кожойке.Токтоолугу менен жакшы карьера түзө алат.

Кызыгылт түстү лак

Мындай маникюрду жакшы көргөндөр романтикалуу, сезимтал, назик болушат. Кыялкеч болуп өмүрүнүн соңуна чейин кереметтердин болушун күткөн жандар. Жан дүйнөсү абдан назик болгондуктан катуу мамилени, орой нерселерди көтөрө албайт. Ошол эле маалда ыңгайлуулуккка көп көңүл бурат.Жаш кезинде эрке болсо да токтолгон куракта камкор эне болушат. Эл менен тил табыша билгендиктен өз кесибинде ийгиликке жетишет.

Кызыл түстүү лак

Эмоционалдуу, кумарлуу аялдар. Алардын мүнөзүнө эрки күчтүүлүк, кежирлик жана чечкиндүүлүк таандык. Кеңештерди кулагынын сыртынан кетирип өз билгенин жасаганды жакшы көрөт. Өз алдынча болгонду жакшы көргөнү менен элге, айлана- чөйрөсүнө ак дилден жардам бергенге жөндөмдүү. Алар үчүн бекем достук, сүйүү жана романтика биринчи орунда турат. Классикалык стилде кийингенди жактырат. Карьерада алар көп учурда жетекчи кызматтарга жетишет.

Көк түстүү лак

Көз карандысыз адамдардын түсү. Мындай маникюрду жактыргандар чыгармачыл адамдар, алар мисалы кийим дизайнери болушу мүмкүн. Алар көп адамдар топтолгон жерди жактыра беришпейт бирок досторуна туруктуу. Алар  ишенчээк жана өздөрүн жөнөкөй алып жүргөн токтоо кыздар.Саткындык жана көңүл калтыруу аларды терең жаралантат.

Фиолет же сыя көк лак

Сыя көк лакты чыгармачыл аялдар тандайт, алар ички дүйнөсүндө өтө назик жана сырдуу, мистикалык нерселерге тартылып турушат.Кыялкеч жана жалпы элден өзгөчө болуп бөлүнүп турууну каалаган аялзаты. Эркектерди кандай  өзүнө тартып алышты жана суктандырышты билет.Эң жакшы достор, бирок жакын адамдары да алар тууралуу көп сырды биле беришпейт. Сыя көк түстү жактыргандар чыныгы байлыкты жактырган ак сөөк айымдар.

Кара түстүү лак

Мындай түстү кумарлуу жана бийликти сүйгөн айымдар тандашат.Көпчүлүк адамдар мындай кыздарды бой көтөргөн айымдар деп ойлошот, чындыгында алар эч нерседен тартынышпайт, кыйынчылыктан коркпой алдыга кетет.Карьерада жогорку тепкичке чейин жетишет, сүйүүсүз жашоосун элестете алышпайт. Түйгөйүнө эң жогорку талапты кое билишет. Провокациядан коркушпайт.

Ссылка: https://barometr.kg/manikyur-arkyluu-ayaldyn-mnzn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий