"Манас" аэропортундагы каттамдар тумандан улам токтотулду
Бөлүшүү:
"Манас" эл аралык аэропортунда түнкү саат 3:00дөн бери маал-маалы менен туман басып жатат.
Аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Урал аба жолдорунун" Москва – Бишкек – Москва каттамы менен "Өзбекстан аба жолдорунун" Ташкент – Бишкек – Ташкент каттамы саат 13:00гө жылдырылган.
Аэропорттун администрациясы каттамдар боюнча маалыматтарды Бишкектен 0312 693109 телефону жана Оштон 03222 90101 номерлери аркылуу тактап алууну суранат.
Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportundagy-kattamdar-tumandan-ulam-toktotuldu
Добавить комментарий ×