"Манас" аэропорту транзиттик карго-борборуна айланышы керек

5 февраль 2020 08:55 680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Калктын жүрүү эркиндигин камсыздоо жана өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгаруу максатында Кыргызстан жүргүнчүлөрдү, товарларды жана жүктөрдү ташуу үчүн коопсуз жана суроо-талапка ээ коридору бар транзиттик өлкөгө айланышы керек. Бул тармактагы долбоорлорду ишке ашыруунун негизги каражаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биздин географиялык абалыбызды эске алганда, «Манас» аэропорту эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөткөн жана Түштүк-Чыгыш Азияны жана Европаны байланыштырган аймактык транзиттик карго-борборго айланышы керек. 2023-жылга карата аба каттамдарынын борбору катары «Манас» аэропортунун дараметин өнүктүрүү боюнча коюлган максат иретинде республика Борбор Азиядагы башкы аба хабдарынын бири боло алат.

2018-2022-жылдарга карата өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасында «Манас», «Ош», «Тамчы» аэропортторун модернизациялоону жана жаңылоону аяктоо каралган. Анын натыйжасында эл аралык жана ички аба каттамдарынын, чакан авиациянын саны өсүп, эл аралык транзиттин ролу артат.

Бардык авиация ишканаларында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын киргизүү жана сапат менеджменти жана учуулардын коопсуздугун башкаруу системалары тармагында негизги көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын аэропортторун өнүктүрүү стратегиялык милдет болуп саналат. Анткени региондо эл аралык аэропорттор арасында атаандаштык бар.

«Манас» аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү зарылдыгы төмөнкү факторлор менен шартталган:

- деңизге чыгуу мүмкүндүгүнүн жоктугу;

- кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инфраструктуранын сапатынын төмөндүгү;

- эл аралык багыттардын жана түз каттамдардын санынын аздыгы.

Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportu-tranzittik-kargo-borboruna-ajlanyshy-kerek



Добавить комментарий