Мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар так аткарылбай келет
Бөлүшүү:
Мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар так аткарылбай келерин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.
Эскерте кетсек, парламентте Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчету каралууда.
Эл өкүлү тендердик тандап алуу шарттары бузулуп жатканын айтты.
“Бул чөйрөдө мыйзам бузуулар өтө көп. Башкы прокуратура ар бир мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп, катачылыктарды жоюшу керек”, – деди.
Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул жаатта 645 текшерүү жүргүзүлүп, 1000ден ашуу мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-satyp-aluu-chjrsndg-myjzamdar-tak-atkarylbaj-kelet
Добавить комментарий ×