Миграция: "Жүк-200дү" алып келүүдө компенсация убагында төлөнбөй жатат
Мамлекеттик миграция кызматынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын Басма сөз борбору билдирди.
Жыйынга Жогорку Кенешинин депутаты У.Т.Кыдыралиев жана Миграция кызматынын коомдук кенешинин мүчөсү А.Ж.Шабданова катышышты.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов жыйынды ачып, 2020-жылда аткаруу учун Миграция кызматынын алдыга койгон милдеттери туурасында кеңири баяндама берди. Жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын 2019-жылдагы жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу төраганын орун басары С.Н. Токтоболотовдун жана миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу аталган кызматтын Мүдүрүнүн милдетин аткаруучу А.К.Алыбаевдин отчёттору угулуп, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
Андан сырткары Миграция кызматынын көйгөйлүү маселелери туурасында кеңири сөз болду. Атап айтсак, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар маселеси, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча борбордук аппараттын курамында түзүмдүк бөлүнүштөрдү (сектор) түзүү зарылчылыгы жана чет өлкөдөгү диаспораларды колдоо жаатында иштеп жаткан түзүмдүк бөлүнүштү кеңейтүү зарылчылыгы бар экени белгилүү болду.
Ошондой эле Финансы министрлигинин борбордук казыначылыгынан бөлүнгөн акча каражаттары Кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды компенсациялоодо жетишсиз болгондуктан, компенсациялар өз убагында төлөнбөй калып жатканы баса белгиленди. Мындай көрүнүштөрдү ыкчам чечүү, өзгөчө үй бүлөөнү жалгыз өзү баккан адамын жоготкон үй бүлөөлөр үчүн чоң колдоо болмок экендиги айтылды.
Азыркы учурда, Миграция кызматы региондук органдарынын жоктугунан улам миграция, анын ичинде иммигранттар, этностук кыргыздар жана качкындар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты толук кандуу жүзөгө ашырууга мүмкүндүк алуу максатында "Миграция жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомдун долбоорун кайрадан иштеп чыгып Өкмөттүн Аппаратына кароого киргизгендиги маалымдалды.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-migraciya-kyzmatynyn-kollegiyasynyn-kezektegi-zhyjyny-bolup-tt
Добавить комментарий ×