Мамлекеттик гербтин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашта көз жумду
Мамлекеттик гербтин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашында каза болду. Бул маалыматты Нарын шаарынын мэриясы тастыктады.
Маалым болгондой, Абдраев узакка созулган оорудан улам 13-августта көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-августта Нарын шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, Асеин Абдраев 1994-жылы милициянын генералы Садырбек Дубанаев менен бирге Кыргыз Республикасынын гербин тартышкан. Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Ак-Чий айылында туулган. 1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-gerbtin-avtorlorunun-biri-srtch-asein-abdraev-70-zhashta-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×