КРнын гербинин пайда болуу тарыхы

14 январь 2019 18:56 4003 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 25 жыл толду. Өлкөнүн негизги үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Анын авторлору - Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган?

Гербдин авторлорунун бири –запастагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып 
берди:

"Көптөгөн жарандардын оюна “Кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин”  депутаты болчумун. Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, Мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “республикада  белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”-деп жооп берип койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Республикадан жалпысынан 2 234 гербдин эскизи келген.  Конкурстук тандоо Г. Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде  өтүп,  баардык эскиздер  жалпы сыноо үчүн илинген.Биз А. Абдраев менен геральдика боюнча баардык китептерди окудук, башка 
өлкөлөрдүн символдорун изилдедик. Баардык талкууланган ойлорду сүрөтчү кагазга түшүргөн. Башында негизги көркөм компонент катары бүркүт болчу.  
Колунда найза кармаган бүркүт. Боз үйдүн түндүгүн же көөкөр (кымыз үчүн териден жасалган буюм) кармаган бүркүт.Булардын баары биз тараптан кайра жокко чыгарылып, Ат-Башы жана Кочкор районунун аксакалдары эскиздик долбоорду көрүп, түндүк гербдин композициясынын астыңкы бөлүгүндө  болбошу керектигин байкашып, аны үстүнө жайгаштыруу керектигин билдиришип, эл арасында  “түндүгүң түшкүр” деген урушуу сөзү  бар экендигин, ал эми бүркүт менен найза биздин композицияга агрессияны берээрин айтышкан.Тынчтыкты сүйгөн бүркүттү тартууга аракет кылуу менен биз ак шумкарды 
тартууну чечкенбиз.  Өзүбүз ойлонбостон эле “Легендарлуу Манас атанын Ак-шумкарын” тартканыбызды кийин түшүнгөнбүз. Шумкардын артында улуу тоолорубуз “Ала-Тоо” тартылган, көлдүн жээгинде өскөнүмө байланыштуу сүрөттө Ысык-көлдү тартууну айткам.Сүрөтчү эскизде ар убак “Кыргызстан” жазууну  тарта бергендиктен 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны көрсөтүп, “Кыргыз Республикасы”  жазуусуна өзгөртүүгө Асейин макул болгон.
1992-жылы бир нече олуттуу эскиздердин долбоорлору иштелип чыгып,  “Легендарлуу парламенттин” депутаттарына сыноого алып барган учурда сүрөттө Манастын шумкарын көрүшүп, таң калышкан. Алар бир гана тоолордун үстүндөгү мусулмандардын белгилерин жактырган эмес жана кыргыз гербинде 
биздин жерди жылыта турган тоодон чыгып келе жаткан алтын желелүү күндү көргүлөрү келип, тартылган тоолор менен көл сынга кабылып, тоолор жасалма болгондой көрүнүп калгандыгын жана айсбергге окшоштугун, ал эми көлдүн түсү биздин көлгө окшошпой калдыгын билдиришкен.
Сапардан келген соң менен депутаттардын ой-пикирин айтып, бир эскиздин долбооруна токтолуп, ошол боюнча иштемей болгонбуз. Биз иштелип чыккан 
эскиздерди көп кишилерге көрсөтүп, алардын сын-пикирлерин угуп, идеяларын топтоого аракет кылганбыз. Эскиздер А. Абдраев жетектеген 
сүрөт мектебинин жамаатына, мен башкарган облустук ИИБдин кызматкерлеринин сынына койгонбуз. Мен эскиздерди ИИМдин коллегиясына 
дагы талкууга коюп, ошол учурдагы генералдар Бубель Г.Я. өз сунуштарын беришкен. Эскиздер “Легендарлуу парламенттин” депутаттары дагы бир нече 
жолу талкуулашкан"-деди автор. 

Дубанаевдин айтуусунда гербдин алгачкы вариантында канаттары жайылган шумкар чагылдырылып, ал мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Канатын жайган Манас 
атабыздын ак шумкарынын сүрөтүнөн, Ысык-Көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн турат. Ортосунда Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган.

Герб 4 негизги элементтен турат-Ала-Тоо, Ысык-көл, Ак-Шумкар жана буудай менен пахтанын сабы менен башынан турат.

Кыргыздарда 7 саны өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, гербдеги Ала-Тоодо жети чоку тартылган. Шумкардын канаттарында жети бөлүк бар.

Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө. 

Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-gerbinin-pajda-boluu-taryhy



Добавить комментарий