Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү

14 ноябрь 2020 12:23 1020 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү.

 Тийиштүү токтомго президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

 Кабыл алынган чечимге ылайык, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

УКМКга КРын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-chek-ara-kyzmaty-uluttuk-koopsuzduk-mamlekettik-komitetinin-kuramyna-tkrld



Добавить комментарий