Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Көпүрө- Базар айылында өтөт

18 январь 2023 10:33 1714 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулган Талас районунда өтөт. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Кайталангыс талантты акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда саат 10:00дө киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө- Базар айылында өтөт.

Элибизге “Мөлмөлүм” ыры менен кеңири таанылган Малик Аликеев кече, 17-январда дүйнө салган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеев 53 жаш куракта эле.

Ал 1969-жылы 6-июлда Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган.  Филармониянын алдында түзүлгөн “Эл ырчысы-Эстебес”  тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.

Анын аткаруусундагы “Арзыкан”, “Таласым”, “Сардал кыз”, “Жалжалым” аттуу ырлары да элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.


Ссылка: https://barometr.kg/malik-alikenvdi-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-erte-kpr-bazar-ajylynda-tt



Добавить комментарий