Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Көпүрө- Базар айылында өтөт
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулган Талас районунда өтөт. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Кайталангыс талантты акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда саат 10:00дө киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө- Базар айылында өтөт.
Элибизге “Мөлмөлүм” ыры менен кеңири таанылган Малик Аликеев кече, 17-январда дүйнө салган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеев 53 жаш куракта эле.
Ал 1969-жылы 6-июлда Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Филармониянын алдында түзүлгөн “Эл ырчысы-Эстебес” тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.
Анын аткаруусундагы “Арзыкан”, “Таласым”, “Сардал кыз”, “Жалжалым” аттуу ырлары да элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/malik-alikenvdi-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-erte-kpr-bazar-ajylynda-tt
Добавить комментарий ×