Малик Аликеевдин операциясы ийгиликтүү аяктады. Алдыда жаңы ырлар (Сүрөт)

21 июль 2020 10:42 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Кечээ, 20–июль күнү Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жаткан Малик Аликеев менен жолукту. Буга чейин ырчыга аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, даарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин ал – абалы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган.

«Учурда Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып, эми чыгармачылыгы менен алектене баштайт», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 17-июнда ырчыны Таластагы жашап жаткан үйүнөн аталган министрлик тарабынан Бишкек шаарындагы №4 оорукасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө жайгаштырылган. Ага белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков операция жасады.

Ссылка: https://barometr.kg/malik-alikeevdin-operaciyasy-ijgilikt-ayaktady-aldyda-zhay-yrlar-srt



Добавить комментарий