Майрамбек Осмонов: Жаңы жылды жагымдуу маанай менен баштайлы деп концерт бергени турам

22 декабрь 2020 17:20 2868 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант Майрамбек Осмонов пандемиядан кийин биринчилерден болуп концерт бергени турат. Бул тууралуу ырчы “Барометрге” берген маеги учурунда билдирди.

Ырчы Кыргыз Улуттук филармонияда жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө өнөргө суусап турган мекендештердин башын бириктирип, жакшы маанай тартуулоо максатында концерт бергени турат.

“ 1-2-январь күндөрү филармонияда концерт берип, элимдин көңүлүн көтөрөйүн деп турам. Ансыз да, пандемиянын оор шартында маанайы жок, жагымсыз жаңылыктардан тажап бүткөн элдин көңүлүн ыр менен сугаралы деп чечтик.

Ошону менен катары эле, мындай учурда өкмөт билеттердин санын азайтып, аралыкты сактап олтургузууну милдеттендириптир. Биз коюлган шарттарды толук аткарып, мыкты концетр өткөрүүгө аракеттенип жатабыз.

Концерттин максаты акча табуу эмес, элдин маанайын көтөргөн жагымдуу ырларды тартуулап, көрүүчүлөргө да, өзүбүзгө да чыгармачылык эргүү тартуулоо. Чыгармачыл адамың элдин алдына чыгып, эргип ырдап, көрүүчүлөрдүн кол чаап колдоп турганын сезип турбаса кыйналып кетет. Мына ушундай, жан дүйнөнүн жагымдуу көрүнүшүнө айкалышкан кече болот деп ишенем.

Анан да бул кечеде 40 пайыз жаңы чыгармалар жаңырат. Буга чейин, эч жерге чыга элек ырлардын бет ачарлары болот.

Учурда ошол чыгармачылык кечемдин камы менен чуркап жүргөн кезим. Жаңы жылды жакшы ыр, жакшы жаңылык менен тосуп алсак, буюрса кийинки жылыбыз да жагымдуу жаңылыктарга бай болот деп тилек кылып туралы”, - деди Осмонов.

Ссылка: https://barometr.kg/majrambek-osmonov-zhay-zhyldy-zhakshy-zhaylyk-zhagymduu-maanaj-menen-bashtajly-dep-koncert-bergeni-turam



Добавить комментарий