Майлуу курсактан кантип кутулса болот?

9 март 2022 11:18 5055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Курсактагы майды кетирип, ичке белдүү болууну кааласаңыз, көнүгүү жасоо менен бирге күнүмдүк кабыл алган тамак- ашыңызга дагы олуттуу мамиле жасооңуз талап кылынат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Анткени канчалык күч жумшап, көнүгүү жасаганыңыз менен ичкен тамагыңыз туура эмес болсо, анда, майды ээритүүчү эмес топтоого түрткү берген болот. Төмөндө курсактагы майдан арылтуучу жана тез арада натыйжалуу көрсөткөн көнүгүү жана туура тамактануу эрежелери тууралуу кеп болмокчу

Ичке бел үчүн туура тамактануу

Бул азыктардан толугу менен баш тартыңыз. Эгерде буга эркиңиз жетпесе, жок дегенде өлчөмүн азайтып, чек коюуну үйрөнүңүз: 

  • Фаст-фуд, майлуу, куурулган, ышталган, майонез көп кошулган жана колбаса;
  • Таттуулар, торт, шоколад, ак нан; 
  • Спирт ичимдиктери, калориясы күчтүү суусундуктар;
  • Май топтоого жөндөмдүү болгон туздун өлчөмүн азайтуу;
  • Газдалган, таттуу суусундактардан баш тартып, жөнөкөй эле таза суудан күнүнө 2-2,5 литр кабыл алуу керек.

Мындан сырткары, тез арада күткөн жыйынтыкка жетүү үчүн, күн сайын ачкарын бир чай кашыктан зыгыр майынан ичип туруңуз. Бир ай жетиштүү болот.

Курсактын булчуңдары үчүн жасалуучу көнүгүүнүн ыкмалары жана эрежелери:

  • Аркаңыз жарым тоголок абалда болуп, белиңиз толук бүгүлбөшү керек;
  • Көнүгүүлөрдү аткарып жаткан учурда күч курсакка гана келгендей абалда болуу зарыл;
  • Эринбей көп жолу кайталоо сунушталат.

Эске алуучу эрежелер:

1. Көнүгүүнү  алгач, 20 жолудан кайталап баштаңыз, андан ары санын көбөйтөсүз. Эгер убактыңыз жетиштүү болсо, курсак булчундары ачышканга чейин жасай берсе болот. 1 2-3 күн ооруксунуп, кайра сөзсүз калыбына келет.

2. Андан кийин эки бутуңузду бириктирип, жогору көтөрүп 20га чейин санаңыз, түшүрүп, кайра көтөрүңүз.

3. Андан кийин колуңузду желкеңизден албай, эки бутту бириктирип, пресс жасайсыз. Кыймылдар кыска жана кыйын болот. Бирок, дал ошол учурда курсактагы майларга күч колдонулат. Мун да 20 жолу кайталайсыз.

4. Эми түз отуруп, буттарды бириктирип, колуңуз менен буттарыңыздын манжаларына жеткидей абалда көнүгүү жасаңыз. 20 жолу.

5. Кайрадан чалкалап жатып, эки колуңузду бош эки жакка жайып, буттарыңызды бириктирип, 20 ирет жогору көтөрүп кайра түшүрүңүз.

6. Чалкалап жаткан абалда белиңизди колуңуз менен кармап, пресс жасоого аракет жасаңыз. Бул 20 жолу кайталанат. Андан кийин, эки бутту бириктирип,тизеңизди көкүрөгүңүзгө жеткидей абалда дагы 20 жолу кайталаңыз.

7. Мындан сырткары бул ыкмаларды ыңгайына жараша капталдап жатып алып да жасаңыз болот.

Ар дайым, күнүнө 30 мүнөт эринбей бул көнүгүүлөрдү жасап жүрсөңүз, кыялыңыздагы ичке белге ээ болосуз. Андыктан келишимдүү келбетиңиз үчүн аз убакыт бөлүп, чоң ийгиликке жетишиңиз.

Ссылка: https://barometr.kg/majluu-kursakty-ichke-beld-kyluuchu-knglr-erezheler



Добавить комментарий