Айран, чымчым туз. Тамактын сиңирүүсүнө жардам берген азыктардын топтому
Ашказанда тамак барда суу, чай же башка суусундуктарды ичкенге болбойт. Себеби кошумча суюктук ашказанга барып ашказан ширесине аралашат да, тамак сиңирүүнү татаалдаштырат.
"Барометр" пайдалуу кеңештерди сунуштайт:
Ичеги-карынга күч келтирип, суюктук менен азыктар аш болбой кыжылдап, бузулуп кетүүсүнө алып барат.
Тамак сиңирүү процессин жакшыртуу үчүн тамакты жакшылап чайнап жеңиз.
Муздак тамак организмге алда канча бат сиңет. Ал эми белоктуу азыктар тескерисинче, ысык кезинде жакшы сиңет. Болбосо сиңгенге жетишпей ичке ичегиге туруп калат да, ич көөп, желдин пайда болуусуна, ич катууга алып келет.
Тамактарды баш аламан, ашыкча жеген организмге абдан зыян.
Ашказан – булчуңдуу орган, эгерде аны чоё берсеңиз, улам көп тамак талап кыла берет. Жыйынтыгында анын иштөөсү да начарлап, тамакты кеч сиңирип калат. Ашыкча тамак, кереги жок калория жана ашыкча салмакты кошот. Андыктан кеч сиңе турган тамактарды аз өлчөмдө жеңиз.
Кечке маал организмдеги бардык системалар уйкуга даярданат, ашказандын да иштөөсү жайлап калат.
Кечки тамак уктарга 3 саат калганда желиши керек.
Эгерде жатарда адам нык тоюп алса, организм күчүн пайдалуу уйкуга эмес, тамак сиңирүүгө жумшайт. Ошондуктан жатарда болгону бир стакан кефир же йогурт гана ичип алыңыз.
Тамакка тоюп алып аш кыла албай жатсаңыз…
Ромашка менен көк чай
Тамакты сиңирүүнү жакшыртуучу эң жөнөкөй жана мыкты жол – ромашка менен көк чайды колдонуу.
1 стакан сууга 1 аш кашык ромашканы кошуп, 3-5 мүнөт кайнатып ысык боюнча ичебиз. Бул ашказанды иштетип, тамак сиңирүүнү тездетет
Активдештирилген көмүр
Активдештирилген көмүрдү дарыгердин көрсөтмөсү жок эле каалагандай иче берсе болот. Адамдын салмагына карап 10 килограммга 1 таблетка ичүү керек. Тез таасир берүүсүн каалагандар сууга эритип ичсе натыйжалуу.
Чымчым туз
Тамакка абдан тоюп алып аш болбой жаткан шартта тамак ичкенден 30 мүнөттөн кийин чымчым туз алып соруп алыңыз. Ал ашказандын тамак сиңирүүсүнө жардамга келет.
Айран
Тамак сиңирүүгө эң натыйжалуу каражат – бул кычкыл сүт азыктары. Өзгөчө айран тамак сиңирүүгө мыкты жардамчы болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tamaktardy-bash-alaman-ashykcha-zhegen-organizmge-abdan-zyyan
Добавить комментарий ×