Mail.ru сервиси дүйнө боюнча иштебей жатат

27 январь 2020 16:19 951 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Россиянын mail.ru интернет порталына кирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазып чыгышты.

Сайттардын иштөө тартибин тескей турган downdetector.ru порталынын маалыматы боюнча mail.ru сайтынын иштебей жатканы боюнча билдирүү Бишкек убактысы боюнча саат 14:45те келип баштаган.

Маалыматка ылайык, компаниянын техникалык колдоо кызматы келген маалыматтарга жооп бербей жатат.

Mail.ru сайтын ачканда 404 катасын көрсөтүп жатат.

Азырынча компания расмий жооп бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/mailru-servisi-djn-boyuncha-ishtebej-zhatat



Добавить комментарий