Махабат Мавлянова: Мени мыйзамсыз кумар, тотализатор оюндарын уюштурат деген маалымат жалган
Визасыз режим киргизүү жолу менен Кытайлык туристтерди Кыргызстанга тартууну демилгелен депутат Махабат Мавлянова өзүнүн дарегине карата айтылган маалыматтарды төгүндөдү. Эл өкүлү айрым булактар анын байлыгы тууралуу жалган маалыматтарды жазып жатканын айтты.
“Мен жөнүндө кээ бир сары прессанын өкүлдөрү мыйзамсыз кумар, тотализатор оюндарын уюштурат деген мааниде маалымат таркатышыптыр. Баары чындыкка дал келбеген жалган жалаа. Логикага деле жатпаган маалымат”-дейт депутат.
Белгилей кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары Мавлянова бир канча компанияга ээлик кыла тургандыгын жазышкан. Анда депутат, “МАБ-Ула”, “МБ-Компани”, “Аида Компани”, “Мэри-Клуб”, “Капитал-Групп”, “Жаннат Компани”, “МЖА Групп”, “Мега-МБЛ”, ошондой эле “Жети Казына” коомдук фондунун ээси экенин айтылган.
Добавить комментарий ×