Маданият министрлиги балдар тууралуу чыгарма жазгандарга сынак жарыялады
Балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга маданият министрлиги сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар поэзия, проза жана котормо жанрлары боюнча кабыл алынат. Чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.
Сынака катышуучуларга маалымдама:
Чыгармалар көрсөтүүчү уюмдардын сунуш каты менен бирге басмаканалык шрифт менен басылган түрдө беш нускадан кем эмес санда берилет. (2017-2018-жылдарда басмадан чыккан китептер).
Сунуш катка төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- коллективдин жалпы чогулушунун, чыгармачыл союздун башкармасынын заседаниесинин жана башка ушул сыяктуу протоколу;
- автордун(лордун) анкеталык маалыматы;
- автордун(лордун) өмүр баяны;
- авторго(лорго) чыгармачылык мүнөздөмө;
- автордун(лордун) сыйлыктары жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- чыгармага кыскача (эки беттен ашпаган) аннотация;
- 4х6мм 2 фото сүрөт.
Материалдар 2019-жылдын 8-январынан баштап, 1- мартына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан кабыл алынат.
Сыйлык 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле балдар адабиятын кыргыз тилине которууга түрткү берүү максатын көздөйт. 2009-жылдан бери сыйлык үч номинацияда тапшырылып, жеңүүчүлөргө атайын төш белги жана 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ministrligi-baldar-tuuraluu-chygarma-zhazgandarga-synak-zharyyalady
Добавить комментарий ×