Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги сунушталды
Бөлүшүү:
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күндүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.
Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Добавить комментарий ×