Абылгазиев: жумушка уруксат алгандардан башкасы карантинди сактоого милдеттүү

4 май 2020 17:47 1765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедекалый Абылгазиев мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибинс сактоого чакырды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Абылгазиев андан сырткары жарандарга кайрылып, учурда өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алганын айтты.

"Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын дээрлик маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактарынын иштөөсүнө этап-этап менен уруксат берүү жөнүндө  чечим кабыл алынган. Коронавирус инфекциянын кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен бул өлкө үчүн оор, бирок ошол эле учурда өтө маанилүү чечим болду.

Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз.  Вирустун жайылышынын сакталып турган тобокелдиктери бизден коргонуунун кошумча, биринчи кезекте социалдык аралык эрежелерин сактоого тийиштүү алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылат.

Мен бардык кыргызстандыктарга кайрылгым келет: дарыгерлердин гигиена эрежелерин,  обочолонуу режимин жана социалдык аралыкты кармануу талаптарын сактоо тууралуу бардык сунуштамалары сакталышы керек! Ошондой эле 2020-жылдын 1-майынан тарта ишмердүүлүгүнө уруксаат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алаарын эскертип кетким келет", - деди Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/m-abylgaziev-mekendeshterdi-zhoopkerchilikt-boluuga-zhana-obocholonuu-tartibin-saktoogo-chakyrdy



Добавить комментарий