ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович биринчи жолу Кыргызстанга келди

4 февраль 2020 17:00 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Абылгазиев Михаил Мясниковичке жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалап, анын ишмердик жана жеке сапаттары Евразия экономикалык комиссиясынын ишин натыйжалуу уюштурууну камсыздап, интеграциялоо процессин динамикалуу өнүктүрүүгө багытталган милдеттерди ырааттуу аткаруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөрүнө ишеним билдирди.  

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана интеграциялык биримдикти мындан ары карай өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктары талкууланды.  

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда орун алган тоскоолдуктарды четтетүү чараларын сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурдурду. Мындан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын улуттук деңгээлден жогорку компетенциясын күчөтүү маселеси, 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоору талкууланды.

 


Ссылка: https://barometr.kg/m-abylgaziev-evraziya-ekonomikalyk-komissiyasynyn-kollegiyasynyn-tragasy-mihail-myasnikovich-menen-zholugushtu



Добавить комментарий