Лукашенко коронавирусту арак менен ууландырууга чакырды
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко коронавирустан коргонуунун оңой жолун сунуштады.
Ал жергиликтүү органдардын жетекчилерин дайындоо боюнча жыйында оорудан сактануу жана алдын алуу үчүн колду тез-тезден жууп, убагында тамактанып, мончого барууну айтып, ошол эле учурда профилактика үчүн 50 грамм арак ичип коюу керектигин кошумчалады.
“Мен өзүм ууртап-татпаган кишимин, бирок акыркы учурда тамаша иретинде арак менен колду гана жуубастан күнүнө 40-50 граммдан ичип вирусту ууландыруу керек. Албетте мунун баары жумушта болбойт”, — деди президент.
Акыркы маалыматтар боюнча Белоруссияда коронавирус 36 кишиге жукканы аныкталган. 16-мартта расмий Москва Белоруссия менен болгон чек арасын жапкан. Кремлдин мындай кадамы Лукашенкону жинденттип, ал “Россияда коронавирус өрчүп жатат” деген пикирин айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/lukashenko-koronavirustu-arak-menen-uulandyruuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×