Лондондо коронавирустан улам мародерство башталды

20 март 2020 14:37 4197 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лондон шаарында кылмышкероер супермаркеттерге көп чабуул жасай баштады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Ага ылайык, жакында эле алты киши супермаркеттен арак уурдоого аракет кылганда коопсуздук кызматкерлери байкап калган. Кылмышкерлер алардан качуу үчүн терезени сындырып имараттан чыгып кеткен.

Кийин полиция шектүүлөрдү кармады. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча бул акыркы бир нече күндүн ичиндеги төртүнчү окуя.

Лондондогу супер-маркеттерде коронавирустан улам болуп көрбөгөндөй кымкуут байкалууда. Эл азык-түлүктү өтө көп сатып алышууда. Айрым учурларда сатып алуучулар продукту талашып, мушташканга чейин барууда.

Ссылка: https://barometr.kg/londondo-koronavirustan-ulam-marodestvo-bashtaldy



Добавить комментарий